Союз биримдиги таркагандан кийин Кыргызстандын кесиптик кошуундар биримдигинин (профсоюз федерациясы) карамагына курорт, санаторий, эс алуу жайлары жана башка 61 обьект өткөн. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери аталган биримдик ошол обьектилерди сатып, менчикке чыгаруу жолу менен жок кылып отуруп, бүгүнкү күндө болгону 20 эле обьект калды. Бишкектеги “Саякат”, “Достук” мейманкасы жана башка имараттар бир ууч кишилердин колуна өттү. Ысыккөлдөгү 5 га. жер участогу 500 миң долларга сатылып, 24 миң доллар эле киреше болгон, деп билдирди “Азаттыкка" кесиптик кошуундар биримдигинин ардагери Насирдин Карагулов . Анын айтымында, учурда финансылык полиция, прокуратура буга байланыштуу төрт эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон. Элдин каражатына курулган кесиптик кошуундар биримдигинин калган обьектилерин сактап калуу багытында атайын кыймыл түзүлүүдө, дейт Карагулов. (AJ)