Ысыккөл облусунун Тоң районунун Көксай айылынын Жайчы жайлоосунда илгерки ата-бабалардын каада-салты боюнча кыз узатуу аземи башталды. Үйлөнүү үлпөтүн улуттук оюндар, ат оюндар, элдик ыр-күүлөр коштойт. Күйөө бала болочок колуктусун Төрткүл айылынын Бешташ жайлоосуна алып кетет. Бул иш чара эки жаштын реалдуу баш кошуусунун негизинде уюштурулган. Үйлөнүү үлпөтүнө жергиликтүү элдерден башка, чет элдик туристтер да катышат. Буга чейин кыргыздын каада-салты менен чет өлкөлүк үч жаран үйлөнүшкөн, дейт кыргыз туризм ассоциациясынын маркетологу Айша Мамбеталиева. (AJ)