“Арнамыс” партиясынын лидери Эмил Алиевдин айтымында, күзүндө “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” Бириккен фронттун кеңсээси өз ишин баштайт. Бириккен фронттун мүчөлөрү жакында алдыда болуучу саясий иш чаралар, Конституциялык реформа жүргүзүү боюнча маслелерди карашат. “Эгерде бийлик биздин талаптарга көңүл бурбаса, массалык тынч митингдер уюштурулушу күтүлөт”,-дейт Алиев. Ал ошондой эле Конституциялык сотко азыркы Баш мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу кайрылуу даярдалып жатканын маалымдады. (AJ)