Алар чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоолорго катышуу боюнча Конституциялык укугунан ажыратпоо боюнча “Замандаш” Ассоциациясы көтөрүп жаткан маселени президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушууда көтөрүштү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө чет жактарда жүргөн мекендештердин шайлоолорго катышуу укугунан эч ким ажыратпастыгын белгилеп, эмгек мигранттарынын Кыргызстандагы жакындарына жөнөткөн каражаттарын өлкөгө келип жаткан түз инвестиция катары баалады. Ошондой эле президент ШКУнун Бишкек саммитинин өткөрүлүшү, Чебаркүлдөгү террорчулукка каршы биргелешкен аскерий машыгууга токтолуп, Орусия бийлиги Кыргызстанга 2 млрд. доллар өлчөмүндө инвестиция берүүнү көздөп жатышканын билдирди. Жолугушууга Челябинскидеги “Атамекен” кору, “Атажурт” кыргыз диаспорасынын, Магнитагорскидеги “Биримдик”корунун жетекчилери катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)
15:00 Челябинскидеги кыргыз диаспоралары шайлоолорго катышуу укугунун корголушун көздөшөт