Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:37

Түркиянын учагын басып алган эки киши колго түшүп берди


Бир жүз кырк эки жүргүнчү менен бүгүн таңда Кипрден Стамбулга учуп бара жаткан «Атлас Джет» компаниясынын учагын белгисиз эки адам басып алган. Алар учкучтардан Иранга же Сирияга учууну талап кылган. Майы түгөнгөн учак Анталия калаасында конгондо 136 жүргүнчү качып чыгууга үлгүрүп, учактын ичинде алты адам калган. Соңку кабарлар боюнча учакты басып алгандар колго түшүп беришти. Түркиянын ички иштер министри Осман Гүнес алардын бирөө Түркиянын жараны, экинчиси Сириянын паспортун алып жүргөн палестин экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG