Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча бул жылы картошкадан 1 млн 300 миң тоннадан ашуун түшүм алынмакчы. 2007-жылы дыйкандар картошканы өткөн жылга караганда 6 миң 600 гектар аянтка ашыкча айдашкан. Кыргызстандын ички керектөөсүнө 550 миң тоннага жакын картошка талап кылынат. Ал эми пахтадан алынчу түшүм өткөн жылга караганда бир топ аз болмокчу. Бул жылы 93 миң тонна гана акбула алынаары күтүлүүдө. Өткөн жылы пахтакерлер 118 миң тонна пахта жыйнап алышкан. Эгиндин тигил же бул түрүнүн аз же көп айдалуусу эң биринчиден анын түшүмүнө болгон баага байланыштуу болууда дешет адистер. Өткөн жылы картошка орто эсеп менен 11 сомдон сатылып, дыйкандарды кубанткан болсо, пахта 14 сомдон көтөрүлө алган эмес. (ZKo)