Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

16:50 Эдил Байсалов: “Казакстандагы шайлоолор бурмаланды деп айта албайм”


Коомдук ишмер Эдил Байсалов мындай пикирин “Азаттыкка” маалымдап, аны төмөнкүдөй мисалдар менен тастыктады: “Биринчиден, азыркы убакытка чейин эл аралык көз карандысыз байкоочулардын корутундулары чыга элек, -дейт ал, -Экинчиден Казакстандагы бүгүнкү экономикалык өсүш, элдин маанайы Назарбаевдин системасына өтө деле каршы эмес. Ошондуктан, президенттик деп эсептелген “Нур Отан” партиясынын төмөнкү мажилисти шайлоодо жеңишке жетүүсү толук мүмкүн болчу. Бирок ошентсе дагы эл аралык коомчулук, маалымат каражаттары бул шайлоодо оппозициялык партиялар да парламентте кандайдыр бир үлүшкө жетишет деген үмүт бар эле. Кандай болгон күндө да, тигиндей же мындай деп, толук чекит коюуга али эрте, бардыгы ЕККУ баштаган эл аралык көз карандысыз байкоочулар корутундуларын чыгаргандан кийин белгилүү болот.”
Казакстандын төмөнкү мажилисине шайлоолор кечээ 18-августта болуп, алгачкы маалыматтар анда президенттик деп саналган “Нур Отан” партиясы дээрлик 90% жеңишке жетишкендигин кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG