“Бириккен Фронттун мүчөсү Эмил Алиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Орусия менен конфедерация түзүү демилгесин референдумга коюу тууралуу арызга жоопту БШК кечиктирип жатат. “Эгерде шайлоо комиссиясы биздин арызды канааттандырбаса, биз Конституциялык сотко кайрылабыз. Бирок азырынча же “ооба”, же “жок” деген жооп келе элек”,-деди Э. Алиев. (ZMa)