Алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, 18-августта өткөн парламенттик шайлоодо “Нур Отан” партиясы добуштардын 88 пайызын алды. Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициядагы эки партия Мажилистин Төмөнкү палатасындагы депутаттык орундун бирөөнө дагы ээ болгон жок деп кабарлады. Оппозициялык “Ак Жол”партиясы шайлоонун добуштарын тааныбай тургандыгын маалымдады. Анын аралыгында Шайлоону көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюм Казакстандагы шайлоо мыйзам бузууларсыз өткөндүгүнөн күмөн санай тургандыгын билдирди.