Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубков бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, канадалыктар сүйлөшүү үчүн Бишкекке келишет. Белгилүү болгондой Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен Камеко корпорациясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн алгачкы бөлүгү 16-июлда болуп, анда Кыргызстан 2003- жылдын 31-декабрындагы келишимди өзгөртүп, Кыргызстан үчүн кенден пайданы көбөйтүү талабын койгон. Канадалыктар ал талаптарды өз жетекчилиги менен талкуулап, андан кийин жообун берерин билдиришкен эле. (AiT)