Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

ТАҢШЫГАН ЫРЧЫ ДАРИЙКА ЖАЛГАСЫНОВА


“Талант тагдыры” аттуу түрмөгүбүздө 41 жылдан бери кыргыз сахнасынан түшпөй ыр сүйүүчүлөргө ыракат тартуулап келе жаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти Дарыйка Жалгасынованын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеп болот.

Ойлодуң беле, ой селки,

Ойготуп кеттиң түшүмдөн.
Ойногон болуп эркелеп,
Өпкөндөй болдуң жүзүмдөн,

Оолактап көрүп сени мен,
Окшоттуң беле түшүңдөн.


Азыркы сиздер үзүндү уккан композитор Абдылас Малдыбаевдин “Кимге айтам” аттуу махабат ырын жан дүйнөңдүн көңүлүн көлдөй толкута лирика-драмалык сопрано үндө ыр бешикке бөлөгөн көрүнүктүү ырчы, Республиканын эл артисти Дарыйка Жалгасынова. Ал 41-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин сахнадан түшпөй жүздөгөн ыр сүйүүчүлөрүнө табиттик ырахаттанууну тартуулап келүүдө.

Арген үндүү ырчы 1966-жылы Чайковский атындагы Москва консерваториясында бүтөөрү менен Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында ырчылык эмгек жолун баштайт. Дүйнөлүк ысымдагы жана кыргыз, орус композиторлорунун операларынан, музыкалуу драмаларынан, комедияларынан ар кандай тагдырдагы, түркүн мүнөздөрдөгү ар кыл кейипкердеги ролдорду аткарып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болот.

-Дарыйка айым чыгармачылыгыңыздын башатынын жанышына ким устат болду эле? Алгачкы жолу республикалык фестивалга качан катыштыңыз эле?

- 1957-жылы 10-класста окуп жүргөндө Фрунзеде республикалык фестиваль болуп калды. Ага катыштым. Мен мектептеги өздүк көркөм чыгармачылыгына активдүү катышып ырдап жүрдүм. Мектепте ыр сабагынан берген Николай Алушин деген орус мугалим бар эле. Өзү баянда мыкты ойночу. Ошол агайымдын мага тийгизген таасири көп болду. Мен ошол кезде көп ырларды ырдачумун. Маселен, Хаминдан “Казак вальсы” баштаган кыргыз-орус ырларын ырдар элем. Мен фестивалга келгенде айтылуу ырчы Сайра Кийизбаеваны көрдүм. Фестивалдын калыстар тобунун жолдомосу менен М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына кабыл алындым. Окуу жайында 3-курска чейин Серафима Иванова Алексеевна деген жакшы педагогдон окудум. 3-курста окуп жүргөндө Москва консерваториясынан комиссия келип калды. Алар мени ырдатып көрүшүп жактырышты. Жетекчилер мени консерваториядан окууга жиберишти. Мени 1-курска кабыл алды. Консерваторияда беш жыл окудум. Бүтөөрүм менен 1966-жылы Кыргыз Улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына кабыл алындым.

- Дарыйка айым консерваторияны бүтүп келгенде театрдын босогосун аттаганда көрүүчүлөргө кыргыз авторлорунун кайсыл операсынан кимдин ариясын ырдап чыктың?

- Алгач көрүүчүлөргө В. Власов, А Малдыбаев, Ференин “Айчүрөк” операсынан Калыймандын ариясын ырдам чыктым. Андан кийин “Манас” операсынан “Ажал ордуна” музыкалуу драмасынан Зулайканын, А. Аманбаевдин “Бойдоктор” музыкалуу комедиясынан Шириндин, Н. Давлесовдун “Аста секин колукту” музыкалык комедиясынан Зыяданын ролдорун аткардым.

-Дарыйка айым, опера жана балет театрында азыркыдай арияларды ырдап, ондогон ролдорду аткарып жакшынакай эле иштеп Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынан эмне үчүн Асанкан Жумакматов жетектеген симфониялык оркестрге ырчы болуп кетип калдың? Балким ушул кетип калуунун да өзүнчө сыры барбы же жокпу?

- Сөзсүз сыры бар деп ойлойм. Опералардагы ролдорду аткарып жүрүп, ар кандай концерттерге көп катышып калдым. Өзүмдүн кесиптештерим менен Москвага, Ленинградга гастролдорго барып калганда элдик композиторлорун ырларын, романстарын ырдаганда угуучулар абдан жакшы кабыл алганда мен өзүм камералык ырларды аткарууда кандайдыр бир артыкчылык бар экенин сездим. Театрда деле ырдай берсем болмок. Бирок, ырчылык өнөрүмө анча көңүл бурулбай калат эле. Мен элдик обончулардын кыргыз кала берсе дүйнөлүк композиторлордун ырларына бөтөнчө кызыгып, ооп кеттим. 1978-жылдан баштап кыргызтелерадиосунун симфониялык оркестринде иштеп калдым. Радионун алтын казынасына 300дөн ашык ырларды жаздырдым. Алардын ичинде А. Малдыбаевдин, К. Молдобасановдун, Н. Давлесовдун, Ж. Шералиевдин мыкты ырларынан бирден эмес ондоп жаздым. Ошондой эле обончулардын ырларын да алтын фондуга калтырдым. Ал турсун опералардан да толгон токой арияларды тасмага жаздырдым. Ошондуктан, симфониялык оркестрге иштегеним ыр дүйнөсүнөн өзүмдүн бактымды ачтым деп ойлойм.

- Дарыйка айым 41 жылдан бери сахнада иштеп жүрөсүз. Өзүңүздүн башыңыздан угуучулар-көрүүчүлөр билбеген күтүлбөгөн кызыктуу окуяларды башыңыздан өткөрдүңүзбү?

- Кызыктуу окуялар өтө көп. Аны айта берсе сөз да жетпейт. Опера жана балет театрында иштеп жүргөндө гастролдорго көп чыкчу элек. Мен театрдын түбүн түптөшкөн улуу адамдар менен иштешип калдым. Маселен, Мариам Махмутта, Гүлбара Иманкулова, Асек Жумабаев, Кыдырбек Чодронов, Сейдеакмат Токтоналиев ж.б. менен иштештим. Театрда Илеев деген агайыбыз иштечү. Кийин көзү өтүп кетти. Ал “Аршин Маласандан” Султанбектин менин атамдын ролун аткарат. Азербайжандарга окшошом деп кебезден жасалма мурун кийип алыптыр. Ролду ойноп жатканда өзү билбейт жасалма мурду ыргып жерге түшүп калыптыр. Ал эми мурдуна жабышкан кебез саксайып чыгып турат. Аны өзү билбейт ошол учурда мен “ата күйөгө барбайм, чыкпай мен өзүмдүн сүйгөнүмө барам”,- деп ыйлап жаткан ариямды ырдап жатып карасам Илеев агайдын ачуусу келип турат. Элдин баары аны көрүп кыраан каткы күлкүгө баткан. Ал болсо “мен айткан күйөөгө барасың”, - деп турат. Мен болсом ырдай албай күлүп эсим ооп эмне кылар айламды таппай калганмын. Андан дагы талаадан эшек кармап келип сахнага минип чыгам деп эшекти эптеп сахнага чыгарсак эшек ала качып, Илеев агайыбыз чыканагынан жыгылганда мурду түшүп калды. Көрүүчүлөрдүн баары эзилгиче күлүшкөн. Мындай учурлар биздин турмушта көп болот. Асек агайдын окуялары да өтө көп эле. Ошентип кызыктуу турмуштарды көп өткөргөнбүз.

- Дарыйка айым, арияларды, ырларды ырдоо менен бирге ыр да жазып жүрөсүң? Ырды бала чагыңан же кийин жаза баштадыңбы?

- Радиотелевидениеде иштегеним жакшы болду деп ойлойм. Ар дайым телерадионун жетекчилерине чоң ырахматымды айтып жүрөм. Алар беш жыл бою “Дариканын музыкалуу өргөсү” деген түрмөк ачып берди. Бир айда бир жолу көргөзүлчү. Ошондо мен кыргыздын алп композиторлору, ырчылары жөнүндө берүүлөрдү алып бардым. Кээде берүүм кызыктуу болсун деп, ар бир шайырга арнап 58 жашымда ырларды жаза баштадым.

Кийин “Замандаштарга эстелик” деген китепче чыгардым. Азыр болсо экинчи ырлар жыйнагымды чыгырсам деп даярдап койдум. Эми кийинки кезде жазган “Болбосун согуш” аттуу ырымдан үзүндү окуп берейин:



Тамтуң басып калган кезде,

Атакем кеткен экен кандуу майдан урушка.


Кетмен чаап мени таңып жонуна,


Апам чыгат тамекиге жумушка.



Элес-булас эсте калган балалык,


Бүргө менен бит сиркеге таланып.


Жайы-кышы иштеп апам бошобойт,


Мен каламын муздак тамда камалып.



Жеңиш келди, бирок атам келбеди,


Ал бакытты Кудай мага бердеби.


“Алтыным”- деп айга күнгө теңеген,


Апекемдин болдум жалгыз эрмеги.


Мен өзүмдүн ырдаган ырлардын ичинен Атайдын “Эсимдеси” өзгөчө жагат. Себеби, бул менин үнүмө төп келип турат. Кайсыл жерде Кыргызстанда чет өлкөгө гастролго чыкканда ар дайым ырдайм, өзүм да ыракат алам.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG