Бул тууралуу “Адилет” укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова. “Адилет” уюмунун башчысы президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акунду сотко берип, сөзүн төгүнгө чыгартууну талап кылган. Укук коргоочунун пикиринде Турсунбек Акундун “Адилет” жана башка укук коргоочу уюмдар чет өлкөдөн алган каражаттарды саясий иш чараларга жумшады деген билдирүүсү анын адамдык ар-намысына жана ал жетектеген уюмдун аброюна заян келтирген. Ленин райондук арызды кароону дүйшөмбү күнгө белгилеп, бирок Турсунбек Акундун сотко келбей калышына байланыштуу аны сентябрь айына которду. (AiT)