АНКАРА.Түркиянын жаңы парламенти өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн президентикке талапкерлиги боюнча добуш берет. Абдулла Гүл парламенттин колдоосун алаары божомолдонууда, бирок байкоочулар анын шайлоонун биринчи айлампасында эле жеңишке жетеринен күмөн санап жатышат. Анткени, анын Адилет жана Өнүгүү партиясы парламенттин үчтөн эки мандатына ээ эмес. Гүлдөн сырткары президенттикке Улуттук Аракет партиясы менен Демократиялык Солчул партиянын бирден талапкери ат салышууда.