Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

8:17 А. Абдрасулова: Милиция кызматкерлеринин ырайымсыз мамилеси кадимки көрүнүшкө айланды


Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” маалымдашынча, соңку учурларда милиция кызматкерлеринен кордук көргөн атуулдардын саны көбөйдү. Өзгөчө мындай көрүнүш Нарын жана Жалалалабатта көп катталууда деп кошумчалайт укук коргоочу. Азиза Абдрасулова жетектеген “Кылым шамы” бейөкмөт уюму Акылбек Сакеевдин иши тууралуу соттун чечимине аппеляциялык арыз даярдап жатат. Акылбек Сакеев өткөн жылы 22-ноябрда “уурулук кылган” деген шек менен Нарын ШИИБнө жеткирилип, көп узабай шаардык оорукананын сынык жана жаракат бөлүмүндө каза тапкан. Буга байланышы бар деп шектелген эки милиция кызматкерлери 15-август күнү Нарын шаардык соту тарабынан толук акталган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG