Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

8:21 Бүгүн жаштар шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу тегерек стол үстүндө сүйлөшөт


“Достук” мейманканасынын конференц-залында өтө турган жыйынга, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, саясий партиялардын жаштар канатынын өкүлдөрү, президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен жаш жетекчилер катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жыйындын уюштуруучусу, “Жарандык платформа” коомдук бирикмесинин лидери Алишер Мамасалиев маалымдады. “2008-жылы Шаардык кеңештеги орундар үчүн шайлоо өтөт. Биздин максат – ошол шайлоого жаштарды көбүрөөк тартуу”,-деди А. Мамасалиев. Тегерек стол шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү, жаш саясатчыларга коомдук жараяндарга катышууга мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт деп кошумчалады жаш саясатчы. (ZMa)

XS
SM
MD
LG