Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

8:28 Акыйкатчы барымтага алынган түштүк кореялыктарды бошотууга көмөктөшөбү?


Бүгүн акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу чет өлкөлүк өкүлдөр менен жолугушат. Анда Ооганстандагы талибдер тарабынан барымтага алынган түштүк кореялыктардын тагдыры тууралуу сөз козголмокчу. Акыйкатчынын “Азаттыкка” маалымдашынча, жолугуша турган тарап андан барымтадагыларды бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган. “1999-жылы Кыргызстанда барымтага алынган жапон жарандарын бошотууда салымым чоң. Бирок анда мага Аскар Акаев уруксат берген. Азыр дагы президенттин уруксатын күтөм”,-деди акыйкатчы. Турсунбай Бакир уулу жолугушууга ким келе турганын азырынча айтуудан баш тартты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG