Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:31

8:33 Бүгүн Нарын шаар соту Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча ишти кароону улантат

Сотко күбө катары Нарын Шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Совет Курманакунов чакырылат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. “Буга чейин Совет Курманакунов маркум Акуновду камакка алууга шаар мэри көрсөтмө бергенин айткан. Биз бул сөзүн сотто дагы кайталарына ишенебиз”,-деди А. Абдрасулова. Бириккен фронт быйыл апрелде уюштурган митингдин катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган эле. (ZMa)
XS
SM
MD
LG