Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

8:46 Бүгүн Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталат деп күтүлүүдө


Бишкекке сүйлөшүүлөр үчүн келе турган канадалык делегациянын курамында “Камеко” корпорациясынын эки вице-президенти бар. Алар өкмөттүн эксперттик тобу менен жолугушмакчы. Бул тууралуу юстиция министри, Камеко менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан өкмөттүк делегациянын мүчөсү Марат Кайыпов билдирди. Камеко корпорациясы Кумтөр маселесин чечүү боюнча Кыргызстан сунуштаган схеманы жалпысынан кабыл алып, бирок төлөмдөрдүн суммасы боюнча кайчы пикирде болууда. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кумтөр кенинен кошумча төрт жүз сексен миллион долларга жакын киреше алууну көздөөдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG