Бул туурасында адвокат А.Токталиев «Азаттыкка» билдирди. Анын билдиргенине караганда Н.Жамантаевге байланыштуу соттук териштирүү толугу менен аяктады. Ал эми адвокат айыпталуучунун онкологиялык кесел менен ооруп жаткандыгына байланыштуу кепилдикке чыгарып берүүсүн өтүнүп жатат. Бүгүн иш 1- май райондук сотунда сегизинчи ирет каралат. Н. Жамантаев 24- апрель күнү Кемин райондук сотундагы башаламандыкка тиешеси бар деп айыпталып, 2007- жылдын 4-майынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында жатат. (JJ)