Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

18:24 Нарын шаарында Бектемир Акуновдун иши боюнча сотто шаар мэри Бейшенаалы Богачиев күбө катары өттү


Мэрдин айтымында, ал эч кимге маркум Акуновду камагыла деп көрсөтмө берген эмес. Ал эми окуя болгон 14-апрелде милиция кызматкери менен бирге нөөмөттө турган Кылыч Мамбетов соттон “мэрдин жана Нарын шаардык милициянын начальнигинин орун басарынын көрсөтмөсү менен арыз жазып бергем. Акунов жеке мага эч нерсе кылган эмес” деп күбө катары билдирди. Ошол күнү Бектемир Акунов менен абакка түшкөн токойчу Нуркул Шерипов өзүн милициялар уруп, абакка алып келгендиктен өзүн жаман сезип, Акуновдун абалын байкаган эмес. “Түнкү саат он экилерде бошоп кетип жатканда колуна кишен салынган Акуновду жолдун жээгинде жаткан эки милиция кармап турган болчу, жан соога деп кыйкырып жаткан”,- деген маалыматтарды билдирди ал.(JI)

XS
SM
MD
LG