Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Бөлөкбаев Свердлов райондук соттун чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку сотко кийинки жумада кайрылат. Ушул аптада болсо Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки милиция кызматкерине карата арыз менен прокуратурага кайрыла турганын “Жашылдар” партиясынын лидери “Азаттыкка” маалымдады. 10-августта «Ысыккөл Инвест” банкынын тегерегиндеги окуяларды тасмага түшүрүп жаткан учурда Бөлөкбаев милиция кызматкерлери тарабынан камакка алынып, Свердлов райондук соту аны “Бейбаштык кылган” деп айыптап, он күнгө эркинен ажыраткан. Бөлөкбаев камакка алынышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (ZMa)