Пакистан оппозициясынын лидери Беназир Бхутто президент Первез Мушарафты августтун аягына чейин бийликти бөлүшүү боюнча келишимди бүткөрүүгө чакырды. Эки лидер бийликти бөлүшүү маселесин жашыруун жолугуп талкуулашкан. Беназир Бхутто Пакистан Элдик партиясын сүргүндө жүрүп, сырттан жетектейт. Кабарчылардын билдирүүсүнө ылайык, АКШ колдогон бул келишим өлкө башчысы Мушарафтын бийликте калуусуна жакшы мүмкүнчүлүк берет.