Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

“САЛБУУРУН” ЭЛ АРАЛЫK ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ


Бүгүн Ысыккөлдүн Бөкөнбаев айылында “Салбуурун” эл аралык фестивалы башталат. Кыргыз элинин илгертеден келе жаткан салттарын жандандыруу максатында уюштурулуп жаткан бул фестивалда ат чабыш, эр оодарыш, кыз куумай, балбан күрөш сыяктуу улуттук оюндар ойнолуп, мүнүшкөрлөр бүркүт салышат. Ошондой эле тайгандардын көргөзмөсү өтүп, жарыштыруу болот. Андыктан өлкөнүн баардык аймактарынан саяпкерлер, тайган салып, куш таптагандар келишет. Ошондой эле сырттан да коноктордун келеери күтүлүүдө.

Фестивалдын алкагында ошондой эле ыр майрам болот. Ага кыргыз элинин белгилүү өнөрпоздору катышат. Ошондой эле Борбор Азиядан, Монголия, Италия, Оруссия мамлекеттеринен көркөм өнөр чеберлери келишет. Ыр майрамдын галла концерти 24-августта Караколдо өтөт. Фестивалдын жүрүшүндө ошондой эле көргөзмө уюштурулуп, чеберлер кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдарын сатыкка коюшат.

Мындан сырткары “Салбуурун” даректүү тасмасынын жана “Кыргыз тайганы” аттуу китептин бет ачаары болот. Фестивалдын уюштуруучусу Алмазбек Акуновдун айтымында бул иш-чара кыргыз элинин салттарын жандандыруу, жайылтууну гана көздөбөстөн, туризмди да өнүктүрүү максатын аркалайт. Андыктан уюштуруучулар четтен келген конокторду облустун көрүнүктүү жерлерин кыдыртышат.

Бул фестиваль алгач райондук деңгээлде башталып, эми эл аралык деңгээлге көтөрүлдү.

-Буга чейин ыр фестивалында катышуучуларга автомашина, жана башка баалуу сыйлыктар ыйгарып келсек, бул жолу ал салт кайталанбайт. Катышуучулардын бири жеңишке жетип, бири байгеден кур калып, нааразычылыктарды жараткандыгына байланыштуу кароо-сынак түрүндө эмес, жөн эле ыр майрамы кылып өткөрөлү деп чечтик,- дешет уюштуруучулар. Ал эми улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө атайын сыйлыктар каралган.

Айжан Шаботоева, Бишкек

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG