Премьер-министр Алмазбек Атамбаев республиканын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинин алдында отун-энергетика комплексин жөнгө салуучу мамлекеттик департамент жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей бул отун-энергетика комплексинде мамлекеттик жөнгө салуу саясатын натыйжалуу жүргүзүү максатында болгон иш чара болду. Бул тапта өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигине Республикасынын тийиштүү нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзамдар менен чечимдердин долбоорлорун үч айлык мөөнөттө даярдоо жана белгиленген тартипте өкмөткө киргизүү тапшырылды. Ал эми мамлекеттик департаменттин кызматкерлеринин чектелген саны, тейлөө кызматкерлерин кошпогондо жыйырма адам санында каралган. (ESu)