Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:42

14:30 Кыргызстандык ЖЧК “Арвин” АКШны арак менен камсыздайт


2007-жылдын 18-сентябрынан тарта АКШнын Луизиана, Флорида, Миссури жана Орегон штаттарына Кыргызстандан алкоголь продукциясын экспорттоо башталат. Бул тууралуу америкалык “Stiletto brands” компаниясынын деректири Рэй Эдвардс билдирди. “Арвин” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы деректири Бейшен Өскөнбаевдин айтымында АКШлыктар Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн «Юнайтед Водка» конкурсунда Кыргызстандык компания күмүш медалды утуп алган соң кызыгуу артыра баштап, конкурстан кийин Американын “Stiletto brands” компаниясы менен контракт түзүшкөн. АКШлык компаниянын жетекчилиги билдиргендей америкада спирт ичимдиктерге кардарлардын элүү эки пайызын аялдар түзгөндүктөн алкоголь продукциясынын “Шпилька” маркасы экспорттолот. (ESu)

XS
SM
MD
LG