Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

“ЖЫЛГА БЕРГИС ЖАРЫМ КҮН”


Фатима Абдалова Белгилүү адабиятчы, кыргыз-түрк Манас университетинин ректору Сулайман Кайыповдун “Жылга бергис жарым күн” китебинин жазылышына – ата-журттан алыста өмүр кечирген Мамазия карыянын кыргыз жерине болгон кусалыгы жана ал айтып берген жүз сексен тогуз саптан турган “Өлүм” тууралу санат ыр себеп болгон. Автор мына ушул жагдайлардан улам аталган китебинде адамдагы “улутун сүйүү, улутун сүйүүгө берилүү” сезимдеринин маанисин көтөрөт.

Сулайман Кайыпов бир миң тогуз жүз токсон жетинчи жылдан тарта 10 жылдай убакыт Түркия жеринде болуп, андагы кыргыздарга жолугуп, алар сактап келаткан руханий асылдыктарды, руханий дөөлөттөрдү жыйнады. Мына ошол жыйналган эмгектердин бир өңүрүнөн Сулайман Каипов “Жылга бергис жарым күн” китебин жазды. Китеп башында автор Сулайман Кайыпов “Бул китепте нелер бар?” деп окурманга кайрылып, нелер барын төмөнкүдөй аптар менен кабарлайт: Үзүндү келтирели:

Куурал муңга чыланган бу баянда:
Курчу кеткен көздөрдүн карасы бар,
Көкүрөк дарт, көңүлдүн жарасы бар,
Карчыганын кайрылган канаты бар,
Канча кылым өтсө да унутулбас,
Карт кыргыздын какшаган санаты бар...

Арман муңу арылбас бу баянда:
Ак шумкардын аркарды алганы бар,
Арам оозго ак сүттүн тамганы бар.
Арты өкүнүч дүйнөнүн жалганы бар,
Айтса, жазса, ыйласа түгөнбөгөн,
Алыстагы атуулдун арманы бар...


Китептин жазылышына Ван кыргыздарынан чыккан куйма кулак, оозеки сөздүн устасы 85 жаштагы Мамазия карыянын айткандары шарттуу түрдө себеп болгону менен, атажурттан алыста бир канча жыл жүрүп келген Сулайман Каиповдо да атажуртка, тууган жерге карата өзгөчө бир сезимдер жаралган эле:

-Биринчиден ошол сексен бештеги карыянын “Кыргызстанымды – тууган жеримди көрбөй каламбы” деп кайгырып ыйлап жатканы мени көп ойлорго салды да... Экинчиден мен кишиден жүз сексен тогуз саптан турган “Өлүм” тууралу ырды жазып алдым. Ошол ырдан - өлүмдү эл кандай түшүнөт – ошону түшүндүм...

Эми Сулайман Кайыповдун “Жылга бергис жарым күн”китебин окуп чыккан окурмандардын пикирлерине назар салсак. Акын Гүлжамила Шакирова Мамазия карыя айтып берген “Өлүм” жөнүндөгү санат ырдан мисал тартып, мындай табылгалар кыргыз тилин, көркөм дөөлөтүн байытаарын белгиледи:

-Эй, палапан куштай пайпаңдап,
Басканы ширин тайтаңдап-а,
Ата-эненин эй ынагы,
Ак үйүнүн эй чырагы,
Балдар өлбөс болсочу...

Биз аны окуп эле тим болбой, ошол улуу ата-бабалардын ички дүйнөсүндөгү улуу сезимдер кандай болгонун аңдай билишибиз керек, жандүйнөбүздөн өткөрө билишибиз керек...

Ал эми белгилүү адабиятчы Омор Сооронов Сулайман Кайыповдун “Жылга бергис жарым күн” китебин айрыкча жаш муундун улуттук сезимин ойгото турган, атуулдук вазийпасын сездире турган, Кыргызстандын мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын программасына кире турган эмгек деди:

-Бул китепте улуттук уңгу жөнүндө сөз болот. Бизде улуттук уңгуну, улуттук негизди түшүнгөндөр кыргызда аз болуп жатат. Ошол себептен кыргыздар башка улуттардай биримдикте болалбай жатабыз.
XS
SM
MD
LG