Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

ЖАШ АКЫН АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ СТАМБУЛГА ПОЭЗИЯ МАЙРАМЫНА БАРАТ


Жаш акын Алтынбек Исмаилов түрк тилдүү акындардын 24-августта баштала турган эл аралык поэзия күндөрүнө катышуу үчүн Стамбулга жөнөгөн жатат. Жаш акындын ырларында Атажуртка боор толгогон аруу сезим басымдуу.

Жаш акын Алтынбек Исмаилов Стамбулга – дүйнө акындарынын эл аралыкк поэзия күндөрүнө сапар алуунун алдында “Азаттыкка” төмөнкүдөй ой бөлүштү:

-Мага Стамбулдан бул поэзия күндөрүнө чакыруу бир ай мурда келди. Өзүм каалаган эки ырдын котормосун, сүрөтүмдү өмүр баяным менен сурашыптыр. Себеби Түркиянын бул поэзия күндөрүн уюштуруучулар биз барганча катышуучулардын ырларынан турган жыйнакты китеп кылып чыгарып коюшат экен. Ошентип, бул дүйнөлүк поэзия күндөрүндө кыргыз ырларын окуганы баратам.

Алтынбектин ырларында чукул ойлор, чукул салыштыруулар арбын. Жаш акындын ырларында жаңыча ой айтууга аракеттенгени байкалат. Мисалы, “Үшүп турган үмүттү күнгө кактап”, “Алданып көрокаттын жупкасына, айрымдар жүгүн артты журт башына” же “Жаным сыздайт, бүт мөмөсүн силкип салган дарактай” же болбосо “Кандай бакыт көз ирмемге тазаруу” деген сыяктуу саптар таамай жана сүрөттүү... Окурманды кыйла ойго салганга дараметтүү ойлор...

Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин пенделиктен.

Алданып көрокаттын жупкасына,
Айрымдар жүгүн артса журт башына.
Акырын “адам бол” деп шыбыраган,
Асылып турам тагдыр туткасына.


“Жаным сыздайт”

Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай,
Билбейм неге жаным сыздайт мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган дарактай.


Жаш акын Алтынбек Исмаилов буга чейин ХIII кылымдагы түрк
акыны Юнус Эмрихтин ырларын которуп, “Сүйүүнун султаны” деген аталышта китеп кылып чыгарган. Ошондой эле ХIII кылымдагы фарс акыны Жалолиддин Руминин ырларын которуп жүрөт. Жакынкы убакытта Алтынбектин “Ташкүзгү” деген ыр жыйнагы басылып чыкмакчы.

Удургуп түркүн ойлор каптайт улам,
Ушундай кең ааламга батпай турам,
Жанымды камыр кылып ийлесем да,
Жарыктык мен өзүмдү таппай турам...

Издебедим бак-таалайды базардан,
Издебедим ыйык жайдан, мазардан,
Көкүрөктү кир сезимден арылтып,
Кандай бакыт көз ирмемге тазарган


-Алтынбек ырларды тек гана уйкаштыра бербейт. Анын ар бир ырында ой бар. Анан анын ырларында атажуртка, улутка болгон патриоттуулук күчтүү,-дейт кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов Алтынбек Исмаиловдун ырларындагы патриоттулукту белгилеп.
XS
SM
MD
LG