Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

18:35 Нарын районунда айыл өкмөт башчыларынын республикалык семинары болду


22-августта Жанбулак айылында өткөн семинарга Ош, Жалалабат, Баткен облусунан жалпы 22 айыл өкмөт башчылары катышып, өз ара тажрыйба алмашуу болду. Баткенден Кулунду айыл өкмөтү Лейлек килемин согууну үйрөтө турган болсо, Нарын районунун Достук айыл өкмөтү түштүктүктөргө шырдак, боз үй жасоонун сырларын үйрөтүү боюнча келишимге кол коюшту. Жанбулак айыл өкмөтү Жалалабаттын Момбеков айыл өкмөтү менен достук алака түзүштү. Андан сырткары семинардын катышуучулары өкмөткө ветеринардык кызматка жогорку деңгээлде көңүл бурууга чакырган кайрылуу кабыл алмай болушту. Иш чараны уюштурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин өкүлү Аскар Токтошев мындай жолугушуулардын саясий мааниси бар экенин, себеби түндүк-түштүк маселесинин терс жагын чечүүгө өбөлгө түзөт деп билдирди. (JI)

XS
SM
MD
LG