Баткендик дыйкандар менен ишкерлер эле эмес, акимчиликтердин тийиштүү кызматкерлеринде, айыл чарба өндүрүшүнө тиешелүү болгон мыйзам талаптары тууралуу түшүнүгү жок. Мындай жыйынтык пикирин «Эл аралык соода сатыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун улуттук эксперти Гүлнара Жусупжанова «Азаттыка» билдирди. Айыл чарба продуктыларын өндүрүү, аймактардагы негизги жумуш көлөмүн түзгөн менен, элде жана жергиликтүү жетекчилерде эл аралык стандартташтыруу, талапка жооп берүү, экспорттук товар сапаты тууралуу маалымат аз. (SA)