АКШнын президенти Жорж Буш Ирак премьер-министри Нури ал-Маликиге кайрадан колдоосун билдирди. Кечээ Буш ал-Маликинин өкмөтүнүн ишине наарызычылыгын билдирген эле. Шаршемби күнү Канзас-сити шаарында аскер ардагерлердин алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Буш америкалык жоокерлерди Ирактан чыгарып кетүү азырынча эрте деди. Анын айтымында, бул бир кезде америкалык аскерлердин Вьетнамдан чыгып кеткенине барабар алааматка тамызгы болот.