21-августтан бери Орусиянын Астрахань облусундагы “Ашулук” полигонунда “Күжүрмөн кызматташтык-2007” деген аталышта өтүп жаткан машыгууга Кыргызстандын Абадан коргонуу боюнча күчтөрүнүн отузга жакын жоокери катышууда. Кыргызстандан сырткары машыгууга Беларус, Орусия, Өзбекстан, Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери тартылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан Айзада Игибаева маалымдады. (ZMa)