Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

8:42 Евразия экономикалык шериктештигинин интеграциялык комитетинин жыйыны болот


Бүгүн боло турган ЕврАзЭСтин алдындагы Адилет министрлер кеңешинин тогузунчу жыйыны Чолпоната шаарында өтөт. Жыйынга катышуу үчүн кечээ Бишкекке Орусиянын адилет министри Владимир Устинов, Өзбекстандын адилет министринин милдетин убактылуу аткаруучу А. Ахмедов, анын тажик кесиптеши Бахтиер Худояров жана Казакстандан министр Загипа Балиева келген. Жыйында адилет министрлери мурда Евразия экономикалык шериктештигинин интеграциялык комитетинин алкагында кабыл алынган чечимдерди талкуулашат. Адилет министрлер кеңеши 2002-жылы негизделген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG