Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

12:12 Бермет Акаева өзүнө байланышкан кылмыш иши менен сентябрда таанышып бүтөт


Акаеванын адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында кылмыш иши беш томдон турат. Айыпталуучу таанышуунун жыйынтыгы боюнча кайра тергөөнү сурап тергөөчүгө жана прокуратурага кайрылууну көздөөдө. Мунун себебин адвокат кылмыш ишинде карама-каршылыктар өтө көп деп түшүндүрдү. Акаевага Коопсуздук Комитети соттун чечимдерине баш ийген эмес, документти жок кылган деген айып тагып, ал боюнча тергөө ишин жыйынтыктап, таанышууга берген. Кеминде 23-апрелден 24-апрелге караган түнкү шайлоого байланышкан окуя боюнча дагы эки кишиге баш аламандыкты уюштурган деген айып тагылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG