Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

13:21 Чүй театрынын жамааты жергиликтүү бийликтен имарат сурап жатат


Бул туурасында бүгүн аталган театрдын башкы режиссёру Бектен Абдылдаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда, Шаршен атындагы Чүй театры он жети жылдан бери имараты жок, ар кайсы жакка көчүп, профессионалдуу чыгармачыл жамаатынан ажырап келет. Жакында аталган театрдын жамааты имарат маселесин чечип берүүнү өтүнүп, губернатор Кубанычбек Сыйдановго кайрылганы турат. Эгер ага жарытылуу жооп берилбесе, өкмөт башчыга кайрылуу жазылат. Учурда Чүй театры Аламүдүн районуна караштуу маданият үйдүн бир бөлмөсүндө башпаанек кылууда. (JJ)

XS
SM
MD
LG