Биринчи май райондук соту бүгүн 19-апрель окуясынын катышуучусу катары айыпталып жаткан Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевге байланышкан ишти кароону улантты. Бул отурумда мамлекеттик айыпталуучу Эркин Акназаровге 5 жыл, Жолдошбек Абдиевге 4 жыл катуу тартипти жаза чектөөнү соттон сурады. Сот ишин 24-августта улайт. Бул эки жаранга 19-апрелде массалык баш аламандык болду деген факт боюнча козголгон кылмыштын чегинде милиция кызматкерлерин көздөй таш ыргыткан деген айып тагылып, иши сотко өткөн. (BuS)