Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

15:09 Хельсинки федерациясы менен «Кылым шамы» адам укуктарына байкоо жүргүзүүнү улантат


Адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясы ушундай билдирүү таратты. Мындай билдирүү Нарын шаардык милициянын «таягынан» каза болду деп саналган Акылбек Сакеевге байланыштырылды. Бул ишке байкоо жүргүзүп жаткан «Кылым шамы» укук борборунун маалыматына караганда, Сакеевдин беш кабыргасы сынып, башы жарылып, тулку-бою көгала болгон. Маркумдун жакындары менен милиция өз ара келишип, быйыл февралда иши токтотулган. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, күч структуралары тарабынан адам укуктарын бузган фактылар көп катталууда. Аны болтурбоого кол кабыш кылуу максатында учурда Нарында жана Майлысууда «Кылым шамы» уюмунун өкүлчүлүктөрү ачылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG