Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

16:20 Кореянын эмгек министри Бишкекте иш сапары менен жүрөт


Кыргызстандык жумушчу күчтү Кореяга жөнөтүү боюнча мурда кабыл алынган жобонун тезирээк ишке киришүүсүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев Кореянын эмгек министри Ли Санг Судан суранды. Бул тууралуу бүгүн тараптардын Бишкектеги жолугушуусунда сөз болду. Муну тездетүүгө бардык аракеттер жасаларын өз кезегинде эмгек министри да билдирди. Кыргызстандан Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумду тараптар быйыл 27-июнда Сеул шаарында кабыл алышкан. Анын негизинде Кыргызстан 2 миң жаранды Кореяга ишке жөнөтө алат. (BuS)

XS
SM
MD
LG