Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Мурат Ашырбековдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, маалымат каражаттары баш тамгаларын келтирген В.П. аттуу жаран Коргоо министрлигинен мурда эле курагы жеткендигине байланыштуу бошонуп кеткен. «24 kg» агенттиги башкы прокуратурага шилтеме берип тараткан маалыматка караганда, мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен Коопсуздук комитетинин жана Коргоо министрлигинин эки кызматкери кармалды. Мындай маалыматты Башкы прокуратура да, Коопсуздук комитети да тастыктай элек. Буга чейин ушундай эле шек менен Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова жана кытайлык жаран кармалып, камакта отурат. (BuS)