Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

17:42 Кыргызстандын бардык аэропорттору жана аэро аянтчалары “Манас” эл аралык аэропортунун карамагына өтөт


Бул туурасында 23-август күнү Кыргыз республикасынын мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров Лейлектеги Исфана шаарында орун алган “Исфана” аэропортунун ачылышында билдирди. Буга чейин жергиликтүү администрацияларга жана жеке менчикте турган аэропорт, аэроаянтчаларды мамлекетке өткөрүү менен өлкөнүн ички аба каттамын бир калыпка салуу пландаштырылууда. Учурда эл аралык “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун карамагына эл аралык Манас-Ош-Ысыккөл, ички каттамды тейлөөчү Каракол-Нарын, Казарман-Талас, Жалалабат-Кербен, Исфана-Баткен, Кызылкыя аэропорттору жана Токтогул-Баетов-Тамга аэро аянтчалары толугу менен өткөрүлгөн. Бул туурасында “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аэропортунун башчысы Бакытбек Сыдыков маалымдады.

XS
SM
MD
LG