ПАРИЖ. Чек арасыз иштеген кабарчылар аттуу укук коргоо уюму Казакстандын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна төрагалык кылууга талаптанып жатканына каршылыгын билдирди. Казакстанда сөз эркиндиги жок, жакында болуп өткөн парламенттик шайлоону обьективдүү деп айтуу мүмкүн эмес, маалымат каражаттары бийликтердин катуу көзөмөлүндө турат, деп айтылат укук коргоочулар тараткан билдирүүдө. Парламентке жалгыз гана партия-бийликтин Нур-Отан партиясы өттү.
Чек арасыз иштеген кабарчылар уюму Казакстандын ЕККУга төрагалык кылуу дымагына каршы чыкты