Конференция ЮСАИД уюмунун жер реформасы жана аны өнүктүрүү долбоорунун алкагында өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, жыл сайын жер маселеси курч туруп, мында жерди баалаган адистердин ролу зор. Бул адистер экономика тармагында эмгектенип, эл аралык талаптарга ылайык жердин баасын аныкташат. Конференцияга ушул багытта иштеген эл аралык жана жергиликтүу адистер, министрликтердин өкүлдөрү жана бул тармакта адистиктерди даярдаган жогорку окуу жайлардын студенттери катышат. (ZMa)