Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

8:36 Бүгүн Нарын шаар соту Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча ишти кароону улантат


Сотко күбө катары окуя болгон түнү күзөтчүлөрдү жетектеген Тынай Ниязакунов чакырылат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов маалымдады. Анын айтымында, эгерде сот чечими жабырлануучу тарапты канааттандырбаса, алар областтык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылат. Бириккен фронт быйыл апрелде уюштурган митингдин катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган эле. Аталган иш боюнча милициянын эки кызматкерине «шалаакылык» беренеси боюнча айып тагылууда. (ZMa)

XS
SM
MD
LG