БУУнун Аскер кылмыштары боюнча башкы прокурору Карла дель Понте Швейцариянын Аргентинадагы элчиси болот. Анын прокурорлук сегиз жылдык мөөнөтү ушул жылы аяктайт. Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги дель Понте элчилик кызматка кийинки жылдын январь айында келет деп билдирди.