Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:33

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы президенттик шайлоого катышуу үчүн өлкөгө кайтып келет


Пакистандын сүргүндө жүргөн мурдагы өкмөт башчысы Наваз Шариф президенттик шайлоого катышуу үчүн тез арада өлкөгө кайта тургандыгын билдирди. Кечээ Пакистандын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифке жети жыл сүргүндөн кийин өлкөгө кайтып келүүгө уруксат берген эле. Шариф 1999-жылы, октябрда азыркы президент Первез Мушараф тарабынан уюштурулган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликтен четтетилип, ага “чыккынчылык кылган” жана “салык төлөгөн эмес” деген айыптар тагылган. Президент Мушараф кийинки жылы боло турган шайлоодо өз талапкерлигин дагы бир жолу коет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG