Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:26

ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН ТАГДЫРЫНА ОРУСИЯЛЫК УКУК КОРГООЧУЛАР КАБАТЫР


Орусиялык укук коргоочу уюм казак бийликтерин өткөн эки жылда 56 өзбек качкындарынын Өзбекстанга депортацияланышын иликтөөгө чакырды.

Мемориал уюмунун өкүлү Светлана Ганушкина Азаттыктын өзбек кызматына депортациялангандар негизинен 2005-жылдагы Анжиян окуяларына катышы бар жана Акрамия өндөнгөн башка исламдык топтордун жолдоочулары же колдоочулары деп шектелгендер экендигин бышыктады. Ганушкина депортациялангандар Өзбекстанда кыйноого жана өлүм жазасына туш болушу мүмкүн экендигин эске алганда, алардын өзбек бийликтерине өткөрүлүшү эл аралык мыйзамга каршы келээрин мындайча белгиледи:

- Биздин пикирибизде, айрыкча бул кишилерди Өзбекстан саясий себептерден улам талап кылып жаткандыгы айгине болгон учурларда, эч ким эч кандай шартта бул өлкөгө өткөрүлүп берилбеши керек.

Ганушкина белгилегендей, акыркы жылдары Украина менен Орусия да өзбек жарандарын Өзбекстанга өткөрүп берген.

Анжиянда 2005-жылдын майындагы кан төгүүдөн кийин жүздөгөн өзбек жарандары ар башка өлкөлөргө, негизинен Кыргызстанга качкан. 400дөн ашык качкынды кыргыз өкмөтү Өзбекстанга өткөрүп бербей койгондон кийин алардын басымдуу бөлүгү Бириккен Улуттар уюму тарабынан үчүнчү өлкөлөрө алынып кеткен. Укук коргоочулар жана күбөлөр Анжиянда өзбек коопсуздук күчтөрү жүздөгөн куралсыз демонстрантты атып өлтүрдү деп айыптап келатышат.

XS
SM
MD
LG