Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:34

КАЗАК ӨКМӨТҮ БАТЫШТЫН МУНАЙ КОМПАНИЯЛАРЫН КЫСМАККА АЛУУДА


Италиянын “Eni” компаниясы башындагы батыштык консорциум Казакстандын Кашаган мунай кенин өздөштүрүүдөн четтетилиши ыктымал. Казак бийликтери консорциумду жаратылышка зыян келтирип, анын кесепетинен Каспий деңизинде тюлендер өлдү, балыктар азайып кетти деп күнөөлөөдө. Буга дейре “Eni” тобунун атына мунай кенин өздөштүрүүнү кечеңдетүүдө жана долбоордун өздүк наркын башта айтылгандан көбөйтүп жиберди деген доомат айтылган.

Казакстандын батышындагы Кашаган кени акыркы отуз жылда дүйнөдө табылган мунай кендердин эң чоңу. Айрым эсептөөлөргө караганда, кендин мунай кору кеминде 30 миллиард тоннага тете болот.

Үстүбүздөгү жумада Өкмөт башчы Карим Масимовдун артынан эле табиятты коргоо министри Нурлан Исаков Италиянын “Eni” компаниясы башындагы консорциум жаратылышка зыян келтиргени үчүн Кашаган долбоорунан чыгып калышы мүмкүн экенин кулак какты кылды. Астаналык серепчи Канат Берентаевдин пикиринче, “Eni” аркылуу Казак өкмөтү башка да компанияларга эскертүү жасады:

–Бул коркутуу эмес. Бирок, “Eni” долбоордон четтетилип, анын ордуна Казакстандын шартын аткарчу башка оператор изделип жатканын күбөлөгөн олуттуу эскертүү. Менимче, Нурлан Исаков Кашаганда иштеген компаниялар контракттын бардык шартын аткарышы зарыл деп абдан туура кылды.

“Agip” концернине кирген “Eni” консорциуму оболу Кашаганды өздөштүрүү 2005- жылы башталат деп, бирок анын мөөнөтүн бир нече ирет артка жылдырган. Ал эми үстүбүздөгү айдын башында мунай мурда айтылгандай 2008- жылы эмес, 2010- жылы өндүрүлө баштайт деп жарыялады. Ошондой эле долбоордун наркы 135 миллиард долларга чыгарын эскертти. Бул алгач айтылгандан эки эсеге көп.

“Eni” тобу килейген долбоордон чыгып каларына Казак парламентинин мурдакы мүчөсү, мунай боюнча эксперт Нурпеис Мукашев ишенбейт:

- Менимче, “Eni” катышкан долбоор 100 процентке токтотулбайт. Анткени, ага көптөгөн чарбалар тартылган жана ар бир чет элдик компанияда иштегендердин 20-30 проценти казакстандыктар. Жарым жыл мурда “Agip” компаниясы Гаагадагы кеңселерин Атырауга көчүрө турганын билдирди. Кеңеселердин пайдубалын коюу салтанаты болду. Андыктан чочулоого негиз жок.

Өткөн аптада жаратылышка зыян келтирүүдө деген эскертүү Батыштын “Chevron Oil” жана Кытайдын улуттук мунай корпорациясына кирген “Актөбөмунайгаз” компанияларына жасалган.

“Eni” тобуна коюлган күнөөлөр далилденерине Мукашевдин көзү жетпейт. Анын боолгошунча, Казак өкмөтүнүн табият бузулду деген дооматынын уңгусунда экономикалык максатты көздөйт:

- Бул таза экономикалык талап. Экологияны бузду дешкени менен, анын далили кана? Ырас, тюлендер өлүүдө, балыктар азайууда. Ал үчүн “Agip” караштуу жети ишкана күнөөлүү экенин ким тастыктай алат? Аларда да жарытылышты коргоо боюнча эксперттери бар. Атүгүл чет элдик лабораториялык фауна менен флорага келтирилип жаткан зыянды далилдей алышпайт.

Саясый серепчи Досум Сатпаев Казак өкмөтүнүн чет элдик компанияларга жасаган эскертүүсү өлкө мунай өндүрүү боюнча 2015- жылга мерчемдеген долбоорду аткаруудагы кыйынчылыктарга байланыштуу болду деп боолгойт:

-Казакстан мунай өндүрүү боюнча 2015- жылга мерчемдеген прогнозун азайтууга мажбур болду

Казакстан 2010-2015-жылдар арасында жылына 115 миллион тонна кара май казылат деп мерчемдеп жаткан.

XS
SM
MD
LG