Астанада кыргыздардын «Манас» ассоциациясы түзүлдү. Бул уюм Казакстан аймагында жашап-иштеп жүргөн кыргыз диаспорасынын башын кошуп, келерки шайлоого катышууну максаттардын бири катары белгиледи. Казакстандын мыйзамдарына ылайык эми кыргыз диаспорасы Казакстан элдеринин ассамблеясы аркылуу келерки парламенттик шайлоодо өз талапкерин сунуштай алышат. Шайлоого катышуу үчүн ассоциациянын тогуздан кем эмес аймакта өкүлчүлүгү болушу керек. (BuS)