Токтомго ылайык 5-сентябрга чейин жоопкерчилиги чектелген «Алтын кен» ишканасы кенге байланышкан мурдагы чыгымдар үчүн 11 миллион доллар, «Summer Gold» ишканасы бонус үчүн 9 миллион доллар төлөп бермей болду. Мындан тышкары «Алтын кен» ишканасы кенди иштетүү маалында ар бир унций алтын үчүн Кемин районун өнүктүрүү фондуна 5 доллардан төлөп турат. Ошондой эле «Алтын кен» жана «Summer Gold» ишканалары менен 15 күн ичинде лицензиялык макулдашуу түзүүнү өкмөт «Кыргыз алтынга», геология жана минералдык ресурстар агенттигине тапшырды. Мындай тыянакка өкмөт эки тараптуу макулдашуулардын негизинде келди.
Буга чейин өкмөт инвесторлор 30-апрелге чейин кендин техникалык долбоорун бүтүрбөсө лицензияны жоюу жөнүндө токтом чыгарган. «Алтын кен» ишканасы болсо долбоорго бийлик маани бербей жатат деп өкмөттү сотко берген. «Алтын кен» жана «Summer Gold» жоопкерчилиги чектелген ишканалары «Талдыбулак сол жээк» кенин иштетүүгө лицензияны былтыр апрель, март айларында алышкан. (BuS)