Акыйкатчынын маалымат кызматы билдиргени боюнча Т. Бакир уулу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Б. Асанов менен жолугушуп жаштардын спортко кызыгуусун артыруу туурулуу маек курушту. Бул тапта Б. Асанов өлкөнүн алдынкы спортчуларына мамлекеттик стипендияларды берип, спорт мектептериндеги шыктуу жаштарды топтош керек деген оюн айтты. Ал эми Т. Бакир уулу спортчуларды колдоо, алардын таламдарын коргоо боюнча акыйкатчынын аппараты атайы иш алып баргандыгы тууралуу билдирди. Ошондой эле алар кыргыз спортчуларынын ушул жылдын октябрында Шанхайда өтө турган параолимпиадалык оюндарга катышуу маселесин да талкуулашты. (ESu)
12:09 Турсунбай Бакир уулу менен Бектур Асанов жаш спортчуларга колдоо көрсөтүүнү көздөп жатышат