Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

13:20 Максим Бакиев Борис Березовский менен тааныш эмес, Валерий Белоконь менен өнөктөш


Бул тууралуу президенттин уулу, ишкер Максим Бакиев «Время Новостей» гезитинин талдоочусу Аркадий Дубновго берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Березовский Кыргызстанга келген эмес.
Ошондой эле интервьюда Максим Бакиев Латвиялык ишкер Валерий Белоконь менен инвестициялык фонд түзгөнүн, ал «фондго акча жана ар кыл долбоор саларын» билдирген. Долбоордун алкагында Москвада жана Москва облусунда турак үйлөр курулуп жатат. Ишкер Максим Бакиев негизинен Орусияда жана Казакстанда иш жүргүзөт, ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстанда иш жүргүзүү багыттары иликтөөгө алынууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG